Бул тууралуу Өзбекстандын Соода-өнөр жай палатасынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, Ооганстан жыл сайын 7 миллиард долларлык продукция импорттойт. Айыл чарба азыктары, тамак-аш, текстиль, булгаары буюмдары, электр приборлору жана курулуш материалдары эң көп суроо-талапка ээ.
Быйылкы жылга карата Ооганстан калкынын саны 34,9 миллионго жетти.
Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында коңшу өлкөнүн 18 алдыңкы компаниясынын катышуусунда Өзбекстан-Ооганстан ишкерлер кеңешин түзүү боюнча макулдашуу жетишилди.
Бул эки өлкөнүн ишкер чөйрөлөрүнүн ортосундагы кызматташтыкты кеңейтүүгө жана бекемдөөгө, өз ара аракеттенүү үчүн жаңы аянтчаларды түзүүгө, Ооганстанга экспорт көлөмүн көбөйтүүгө жана жаңы чет элдик инвестицияларды тартууга мүмкүндүк берет.