18 жаштагы Ержан Кадырбаев өткөн жылы жазында каза болгон 22 жаштагы Нариман Рагуфтун өлүмүнө шектелип кармалган. Аны менен бирге бул иш боюнча 20 жаштагы Ерназ Сатпаев да айыпталып жаткан. Сот аны 12 жылга эркинен ажыратты. Тергөө экөөнө тең "Бейбаштык" жана "Адам уурдоо" беренелери менен айып таккан.
Прокурор соттон Кадырбаевди сегиз жылга, Сатпаевди 12 жарым жылга эркинен ажыратууну өтүнгөн.
Сот чечим чыгаргандан кийин Ерназ Сатпаев өкүм менен макул эмес экенин билдирди. Ержан Кадырбаев сот залына жеткирилген эмес.
Судьянын айтымында, Сатпаев менен Кадырбаев 2023-жылы 13-мартка караган түнү шаардагы белгилүү түнкү клубдардын биринин жанынан машине менен өтүп баратып, 21 жаштагы Нариман Рагуфту жана анын досу Дархан Маемировду көрүп токтошкон.
"Сатпаев унаадан түшүп, беркилерге тийише баштаган. Сүйлөшөлү деп машинеге отургузган, тагыраагы бейбаштык жана адам уурдоо аракеттерин жасаган. Андан соң Сатпаев эч себепсиз эле экөөнү унаанын ичинде сабап, Маемировдун мойнуна бычак такап, Рагуфту бычактын сабы менен бетке урган", – деди судья.
Андан соң катуу сабалган экөөнү ээн жерге таштап кетишкен. Ал жерде Нариман Рагуф каза болуп калган.
Сатпаев менен Кадырбаев бул айыптоону четке кагышкан. Адвокаттары адам уурдоо болбогонун, ал түнү Маемиров менен Рагуф автоунаага өз каалоолору менен отурганын билдирүүдө.