Ссылки доступа

Казак-орус чек арасында тажик номерлүү автоунаалардын тыгыны жаралды


Десятки машин с таджикскими номерами застряли на российско-казахской границе
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:03:10 0:00

22-апрелден бери казак-орус чек арасындагы "Сагарчин" көзөмөл-өткөрмө бекетинин нейтралдуу аймагында Тажикстандын мамлекеттик номурлары тагылган ондогон автоунаа тыгында турат.

Айдоочулар "Озоди" радиосуна жеринен тартылган видеолорду жөнөтүп, чек арада 180ге жакын автоунаа өтө албай турганын билдиришти.

"Автоунаалар үч катардан тизилип турат. Бардыгы тажик номерлүү машинелер. Кыргызстандын, Өзбекстандын жана Казакстандын автоунааларын эч маселесин өткөрүп жатышат", – деди тыгында турган айдоочулардын бири.

Анын айтымында, көзөмөл-өткөрмө бекитиндеги орус чек арачылары тажик жарандарын өзүнчө суракка алып, тыкыр текшерүүдө.

"Тажикстандын ар бир жаранын бир сааттан суракка алып, телефондорун текшерип, Орусияга кандай максатта баратканын сурап жатышат. Бул күндөрү аба ырайы суук болуп, жамгыр жаап жатат. Адамдар автоунааларда отурууга аргасыз болууда", – деп кошумчалады ал.

Айдоочулардын айтымында, 14 жашка чейинки балдар менен 60тан ашкан жарандар чек арадан кошумча текшерүүлөрсүз өткөрүлүп жатат.

"14 жаштан 60 жашка чейинки бардык тажик жарандары кезекте турушу керек. Суткасына 10дон гана машине өткөрүп жатышат. Бул жакта шарттар өтө начар, ажааткана жок. Кайдыгер эмес адамдар тамак-ашы, суусу менен бөлүшүп бир аз жакшы болууда", – деди тыгында турган жүргүнчүлөрдүн бири.

Айдоочулар чек арадагы текшерүүлөргө байланыштуу Тажикстандын Орусиядагы элчилигине кайрылышканын, ал жактан жардам берүүнү убадалашканын, бирок андан бери абал эч өзгөрбөгөнүн билдирүүдө. Тажик элчилигинин өкүлдөрү бул боюнча эч кандай комментарий беришкен жок.

Чек арада тажик жарандарынын тыкыр текшерилип жатышынын себептери белгисиз. Бирок айдоочулардын көбү бул "Крокус Сити Холл" концерттик залындагы теракта байланыштуу болушу мүмкүн деп болжолдоп жатышат.

Теракттан кийин дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүндө Тажикстандын жарандарына мамиле өзгөрдү. Жакында эле грузин чек арачылары бир нече тажик жаранын өлкөгө киргизбей коюшкан. Түркия болсо 20-апрелден тарта Тажикстан менен визасыз режимди жокко чыгарган.

XS
SM
MD
LG