Ссылки доступа

Тажик диаспорасы селден жабыркаган казакстандыктарга жардам көрсөтүүдө (видео)


Таджикская диаспора оказывает помощь населению Казахстана, пострадавшему от паводков
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:02:18 0:00

Орол шаарында курулушта жана соодада иштеген 40ка жакын тажик мигранты казакстандыктар менен бирге ыктыярдуу түрдө суу каптоо коркунучу бар аймакта жашаган тургундарга жардам берүүдө.

Тажикстандыктардын дагы бир бөлүгү ашарда иштеген жумушчуларды ысык тамак менен камсыз кылууда.

"Биз мекендештерибизди жардамга чакырдык. Ашарга катыша албагандар акчалай жардам беришти жана 200-300 кишиге тамак уюштурдук", – деди Фарход Сатторов

Бир нече күн мурун Казакстанда жашаган тажикстандыктар селден жабыркаган тургундарга 100 тоннадан ашык азык-түлүк жана эң керектүү буюмдарды тапшырып, аларды коопсуз жайга көчүрүүгө көмөктөшкөн.

Жекшемби күнү Орол дарыясында суунун деңгээли кооптуу деп эсептелген 8,5 метрлик чектен ашкан. Куткаруучулар менен полиция кызматкерлери аймактагы тургундарды шашылыш жана күч менен эвакуациялаган. Ал ортодо Урал жээктен чыгып, көп үйлөрдү каптап жатат.

Расмий маалыматтар боюнча, суу каптаган аймактардан 119 миңден ашык адам эвакуацияланган, анын ичинен 44 миңден ашууну балдар.

Маалым болгондой, куткаруучулар жана табигый кырсыктын кесепетин жоюуга тартылган башка кызматкерлер күнү-түнү жана өтө оор шарттарда иштеп жатышат.

Бүгүнкү күндө суу ташкынына каршы 32 миңден ашык адам, беш миңге жакын техника, 310 сууда жүрүүчү техника жана 13 тик учак тартылган.

XS
SM
MD
LG