Ссылки доступа

РСЕ/РС журналисттердин аккредитациясы боюнча Казакстан ТИМи менен макулдашууга жетишти


"Эркин Европа / Азаттык радиосу" (РСЕ/РС) медиакорпорациясы Казакстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) менен медиациялык макулдашууга жетишти. Келишим "Азаттык" радиосунун казак кызматынын журналисттерин Казакстанда аккредитациядан өткөрүү маселесин жөнгө салууга багытталган.

Медиакорпорациянын президенти жана башкы аткаруучу директору Стивен Капус Казакстан ТИМи менен түзүлгөн бул келишимди кубаттай турганын билдирди.

"Бул процесстин башынан бери эле журналисттерибиздин Казакстандагы маанилүү ишин коопсуз жана эч кандай шарттарсыз аткаруусун улантышын каалаганбыз. Биз мурдагыдай эле өз аудиториябызга бейтарап жана ишеним жараткан репортаждарды сунуштоого аракет кылабыз жана бул үчүн бизге аталган макулдашуу мүмкүндүк берет деп ишенем", – деди Капус.

2024-жылы январда Казакстандын Тышкы иштер министрлиги "Азаттык" радиосунун казак кызматынын 36 журналистине аккредитация берүүдөн баш тарткан. Айрым кабарчылардын аккредитациясы 2022-жылдын аягынан бери узартылбай келген. Буга байланыштуу РСЕ/РС медиакорпорациясы доо арыз менен сотко кайрылган.

XS
SM
MD
LG