22-апрелде Алматыда өткөн маалымат жыйынында алар абакта ачкачылык кармап жаткан Мухаммедкарим менен Тлеужандын абалы тууралуу айтып беришти.
Думан Мухаммедкаримдин жактоочусу Галым Нурпеисовдун айтымында, активистке карата “террористтик же экстремисттик ишмердүүлүктү каржылоо”, “тыюу салынган уюмдун ишмердүүлүгүнө катышуу” беренелери боюнча козголгон кылмыш ишин тергөө убактылуу токтоп турат. Буга анын кардарынын кыйноолор боюнча жазган арызы себеп болду.
Февраль айында Мухаммедкарим полиция сотко аны ичи суук автоунаа менен алып келгенин “кыйноо” деп атаган. Учурда бул иш боюнча соттук-психиатриялык экспертиза дайындалды. 10 күн мурун Мухаммедкарим өзүнүн арызы боюнча тергөө жай жүрүп жатат деп ачкачылык жарыялаган.
Алматы облусундагы колонияда жазасын өтөп жаткан Айгерим Тлеужан 13 күндөн бери ачкачылык кармоодо. Ал азыр жазалоочу камерада отурат. Абак жетекчилиги муну колонияда ачкачылык жарыялагандар үчүн атайын бөлүнгөн орун жоктугу менен түшүндүрдү. Тлеужан ачкачылык акциясын камак шарттарына макул болбогону үчүн баштаган.
Адвокаттар активисттерге кысым көрсөтүүнү токтотууга чакырышты. Мухаммедкарим менен Тлеужан казакстандык укук коргоочулар түзгөн саясий туткундардын тизмесине киргизилди. Расмий Астана өлкөдө саясий туткундар жана саясий куугунтук бар экенин четке кагып келет.