Маалыматка караганда, мамлекеттик мекемелер менен ишканаларда диний ырым-жырымдарды аткарган же сырткы көрүнүшүнөн "динчил экени байкалып турган кызматкерлер аныкталып, аларга эскертүүлөр берилүүдө.
"Улуттук коопсуздук министрлигинин кызматкерлери ажылыкка барган жана ислам дининин талаптарын аткарган мамлекеттик кызматкерлерди, анын ичиндеп мектеп мугалимдерин аныктап, аларга эскертүү берүүдө", – деп билдирди радионун кабарчы.
Анын айтымында, бюджеттик мекемелерде иштеген эркектерге сакал коюуга, аялдарга ак жоолук менен жүрүүгө тыюу салынып жатат. Муну аткарбаган кызматкерлерден иштен кетүү тууралуу арыз жазуу талап кылынууда.
Түркмөнстан светтик өлкө болуп эсептелет, бирок калктын көбүн мусулмандар түзөт. Өлкөдө бир нече чоң мечит курулган жана жаңылары да салынууда. Бир канча жыл мурда мечит курулуштары үчүн элден акча чогултулуп жатканы кабарланган.
Түркмөнстанда мусулмандарга Орусиядагы теракттан кийин басым күчөдү. Түркмөн бийлиги мечитке барган жаштарды куугунтуктап, сакалчан кишилерден сакалын алууну талап кылууда.
"Азаттыктын" түркмөн кызматынын кабарчысы бийликтин мындай аракетинен улам мечиттерге баргандардын саны кыйла азайганын билдирүүдө.
Түркмөнстандын бийлиги жарандардын диний эркиндигин чектегени, динди саясий максатта пайдаланганы жана башка дин өкүлдөрүн куугунтуктаганы үчүн көп жылдардан бери эл аралык уюмдардын сынына кабылып келет. АКШнын дүйнөдөгү дин эркиндиги боюнча баяндамасында Түркмөнстан "өзгөчө тынчсызданууну жараткан" өлкөлөрдүн катарына киргизилген.