Ссылки доступа

Казак өкмөтү суу ташкындарынан кийин турак жайларды калыбына келтирүү механизмдерин иштеп чыгууда


Казак өкмөтү өлкөнүн түндүк жана батыш аймактарындагы миңдеген жаранды үй-жайсыз калтырган суу ташкындарынан кийин турак жайларды калыбына келтирүү механизмдерин иштеп чыгууда. Бул тууралуу Казакстандын Өнөр жай жана курулуш министринин өкүлү Меруерт Ибраева билдирди.

"Суу ташкындарынан зыянга учураган турак жайды оңдоого мүмкүн болсо, анда акимчилик оңдоо иштерине жалданма уюмдарды тартышы керек же үй ээси кенемтеге берилген каражаттын эсебинен өзү оңдосо болот. Эгер үйдү калыбына келтирүүгө мүмкүн болбосо, анда мамлекет жаңы үй куруп берүүнү же жаңы үй сатып берүүнү сунуштайт. Үйдү жарандар өздөрү тандап алышса болот. Бирок анын баасы бийлик белгилеген долбоор боюнча курула турган үйгө кеткен чыгымдан ашпашы керек", – деди Ибраева.

Министрлик буга чейин турак үйлөрдүн эки эскиздик долбоору иштелип чыкканын билдирген: аянты 80 чарчы метрди түзгөн үч бөлмөлүү жана жалпы аянты 160 чарчы метрди түзгөн эки батирлүү турак үй.

"Азыр үч климаттык район боюнча аталган эки долбоорду ырастаган мамлекеттик экспертизанын корутундусу чыкты. Үйлөрдү куруунун болжолдуу мөөнөтү 1,5-2,5 айды түзөт. Турак жайлардын долбоорлору жергиликтүү акимчиликтерге жөнөтүлдү. Алар жер тилкелерин аныктап, аймактын климаттык өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен долбоорлорду ал жерлерге байлашы керек", – деди мекеменин өкүлү.

Ибраева зыянга учураган үй жалгыз турак жайы болгон дача тургундары да бийликтин көңүл сыртында калбай турганын кошумчалады.

Ал арада Астанага жакын жайгашкан Коянды айылынын тургундары турак жайларын өз күчтөрү менен калыбына келтирип жатышканын, жашоочулардын эч кимиси кенемте албаганын билдиришти. Айыл башчысы кенемте берүү чечимин райондун бийлиги кабыл аларын айтып, Кояндыдагы айрым жашоочулардын үйлөрүнүн документтерине байланыштуу маселелер бар экенин кошумчалады.

Казакстандын батыш жана түндүк аймактарында суу ташкындары башталгандан бери 118 миңден ашык адам эвакуацияланып, миңдеген үй суу алдында калды. Азырынча келтирилген чыгым толук эсептелип бүтө элек.

XS
SM
MD
LG