Ссылки доступа

Рахмон менен Мирзиёев "жикчилдик көрүнүштөрдү" талкуулады


Өзбекстан менен Тажикстандын президенттери Душанбедеги сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө терроризмге, экстремизмге, киберкылмыштуулукка жана трансулуттук уюшкан кылмыштуу топторго каршы күрөшүү маселелерин талкуулашты.

Маалыматка караганда, лидерлер жолугушуу маалында "жикчилдик көрүнүштөргө" өзгөчө көңүл бурушту.

Тажикстан президентинин басма сөз кызматы мамлекет башчылардын жолугушуусу тууралуу өз сайтына кыска гана билдирүү жайгаштырды. Сүйлөшүү маалында алар жикчилдик жөнүндө кандай пикирлерди айтканы белгисиз.

2023-жылы январда Тажикстанда "Балдарды окутуудагы жана тарбиялоодогу ата-эненин жоопкерчилиги жөнүндө" мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилип, ата-энелер өз балдарынын жикчилдик сезимдерин кубаттабоого милдеттендирилген. Өзгөртүүлөргө ылайык, ата-энелер ошондой эле балдарына жикчилдик маанайдагы тасмаларды көрүүгө, жикчилдик элементтерди камтыган гезиттерди же башка материалдарды окууга тыюу салууга милдеттендирилген. Ошол эле маалда мыйзамда жикчилдик деген эмне экендиги жөнүндө так түшүндүрмө жана андай коркунуч кайдан келип жатканы жөнүндө эч нерсе жазылган эмес.

2019-жылы тажик президенти Эмомали Рахмон жикчилдикти терроризм жана экстремизм менен катар негизги үч коркунуч деп атаган. Ошол эле жылы ноябрда Кытай Душанбеге Терроризм, экстремизм жана жикчилдик менен күрөшүү борборун куруп берген.

Бийлик ачык айтпаганы менен, 2022-жылы декабрда Гарвард университетинде уюштурулган онлайн-талкуулардын биринде талдоочулар Душанде Тоолуу-Бадахшан автоном облусундагы ыктымал жикчилдик маанайдан кооптонуп жатышы мүмкүн экенин болжолдошкон.

Өзбекстандын бийлиги да жикчилдик маселесине тынчсызданып келет. Ташкент 2022-жылы Каракалпакстанды Өзбекстандын курамындагы суверендүү республика макамынан ажыратууга аракет кылганда Нукуста жапырт нааразылык акциялар тутанган. Расмий маалыматтарга ылайык, анда чогулгандарды күч менен таркатуу учурунда 21 киши өлүп, 200дөн ашык адам жаракат алган. Кийин бир нече каракалпак активисти жикчилдик айыбы менен камакка алынган.

Өзбекстан аймагынын дээрлик үчтөн бир бөлүгүн ээлеп турган Каракалпакстан бул өлкөнүн курмына 1936-жылы киргизилген.

XS
SM
MD
LG