1998-жылдан бери АКШда бозгунда жашаган Пулатов Каримов режимин катуу сындаган оппозициячылардын бири болгон.
Анын саясий карьерасы 1988-жылы жазында – Аралды сактап калуу комитетинин ишине эксперт катары катышуусу менен башталган. Ошол эле жылы ноябрда Пулатов негиздөөчүлөрүнүн бири болгон "Бирлик" элдик кыймылы түзүлгөн. 1989-жылы майда өткөн уюштуруу съездинде анын төрагалыгына Абдурахим Пулатов шайланып, ал 1980-жылдан бери мүчө болуп келген Коммунисттер партиясынан чыкканын жарыялаган.
1992-жылы май айында Пулатов партия болуп кайра түзүлгөн "Бирликтин"төрагалыгына экинчи жолу шайланган. Ошол эле жылы июндун аягында ага кол салуу болуп, ооруканага жатып калган.
Каримовдун режими ага карата куугунтукту токтотпогонун билдирген Пулатов 1992-жылы Өзбекстандан чыгып кетип, алгач Азербайжанда, андан соң Түркияда жашаган. 1998-жылы АКШдан саясий башпаанек алып, бул өлкөгө көчүп кеткен.
1945-жылы Ташкент облусунда төрөлгөн Пулатов 1968-жылы Москва энергетикалык институтун аяктаган. 1973-жылы кандидаттык диссертациясын жактагандан кийин 1991-жылга чейин Өзбекстандын Илимдер академиясына караштуу Кибернетика институтунда иштеген. 1984-жылы робот техникаларын жана жасалма интеллект түзүү маселелери боюнча докторлук диссертациясын жактаган.