Анын айтымында, эгер тажик жарандары кыйноого кабылганы боюнча арыз жазса, "Эл аралык укуктук демилге" уюму аларга укуктук жактан жардам берүүгө даяр.
"2022-жылы январда 100гө жакын борбор азиялык мигранттын жапырт кыйноого алынганы боюнча иш Алматы облустук прокуратурасы менен Башкы прокуратурага өттү. Бул иште мен Өзбекстандын алты жаранын коргоп жатам. Жетинчи жабырлануучу Викрам Рузахунов. Дагы 22 киши кыйноого кабылганын ырастаган, алар да жабырлануучу катары таанылышы керек. Азырынча иште Тажикстандан жабырлануучулар жок, бирок алар да кыйноого кабылышкан. Тажикстандын Башкы прокуратурасы жабырлануучуларды табууга активдүү көмөк көрсөткөн жок. Эгер тажик жарандары Кошмамбет айылында кыйноого кабылганын айтып чыгышса, биздин уюм аларга укуктук жактан жардам берүүгө даяр", – деп жазды Шорманбаева "Фейсбук" баракчасына.
14-апрелде кыргызстандык музыкант Викрам Рузахунов аны кыйноого алуу иши боюнча төрт полиция кызматкери камакка алынып, ишти иликтөө үчүн Башкы прокуратуранын эки кызматкери Астанадан Алматыга жөнөтүлгөнүн билдирген.
"Ушул тапта төрт полиция кызматкери кармалып, камакка алынды. Алардын бири кыйноо жана зомбулук фактылары болгонун моюнуна алса, экинчиси атайын блогер, журналисттерди жалдап, калпты жайылтууга аракет кылып жатат. Мени менен кошо бир жерде кыйноого кабылган адамдардын саны 22ге жетти. Мен мурдагыдай жалгыз эмесмин, биз эми көппүз. Казакстандын Башкы прокуратурасы ишти аягына чыгарарын билдирүүдө", - деп жазды Рузахунов.
Ал Казакстандын Жогорку Соту анын ар-намысын, кадыр-баркын жана беделин коргоо боюнча ИИМге каршы жазган доо-арызын карай электигин кошумчалады. Буга чейинки инстанциялар арызды канааттандырган эмес. Рузахуновдун адвокаттары ал тууралуу тараган маалыматты чындыкка коошпойт деп таанууну жана ИИМди эл алдында кечирим суроого милдеттендирүүнү суранышкан.
2022-жылы Казакстанда январь айындагы кандуу окуя учурунда ошол кезде жеке иштери менен Алматыда жүргөн музыкант Викрам Рузахуновду күч кызматкерлери кармап кетип, тоноп, катуу сабаган. Ал коомчулуктун кийлигишүүсүнөн кийин гана бошотулуп, Бишкекке жеткирилген.