Компаниянын басма сөз кызматы билдиргендей, бул Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүнүн бир бөлүгүндө аба мейкиндигинин жабылганына, ошондой эле учуу коопсуздугун камсыздоо зарылдыгына байланыштуу жасалды.
Алдын ала билет сатып алган жүргүнчүлөр "Өзбекстан аба жолдорунун" сатуу бөлүмүнө же авиакомпаниянын чет өлкөдөгү өкүлчүлүктөрүнө кайрылса болот.
14-апрелге караган түнү Иран Израилге жүздөгөн ракеталарды жана учкучсуз учактарды учурган. Израилдин Коргоо күчтөрү алардын 99% атып түшүрүлгөнүн маалымдаган. Кол салууга байланыштуу Израил аба мейкиндигин убактылуу жапкан. Дүйнөлүк авиакомпаниялар Иран жана Ирак аркылуу учкан каттамдарынын багытын өзгөрттү.