Ссылки доступа

Москвада рейд учурунда издөөдөгү 22 киши кармалды


Свердлов облусунда 900дөн ашык мурдагы мигрант аскердик каттоого алынды. Бул тууралуу "Интерфакс" маалымат агенттиги билдирди.

Аскер комиссарлары Свердлов районунун бир катар шаарларында Орусиянын жарандыгын алып, бирок аскердик каттоодо турбаган адамдарды аныктоо максатында рейд өткөрүштү.

Агенттик Тергөө комитетине шилтеме берүү менен билдиргендей, 2024-жылдын башынан бери Свердлов районунун аймагында рейд учурунда бул категориядагы 1340тан ашык адам аныкталып, аларга дароо каттоого турган жери боюнча аскер комиссариатына чакыруу кагазы берилген.

Жалпысынан жакында Орусия жарандыгын алган 920дан ашуун адамды каттоого алынган, алардын ичинен 130дан ашыгы Орусиянын Куралдуу күчтөрүнүн катарына алынган.

Мындай рейддер Екатеринбург, Нижний Тагил, Первоуральск, Богданович жана Сухой Лог шаарларындагы эмгек мигранттары көп топтолгон жерлерде – азык-түлүк базарларынын аймактарында, дүң жашылча кампаларында, жатаканаларда жүрдү.

Ошол эле маалда Орусиянын укук коргоо органдары соңку апталарда рейддердин жыйынтыгы менен Москвадан жүздөгөн мигранттар депортацияланарын билдирди.

"Интерфакс" полиция кызматкерлери издөөдө жүргөн 22 адамды да аныктаганын кошумчалды.

Красноярскта полиция кармалган мигранттар орус жарандыгын алууну кааласа, Коргоо министрлиги менен аскердик келишим түзүшү керектигин эскертти.

22-мартта "Крокус Сити Холл" концерттик залында болгон теракттан кийин Орусиядагы борбор азиялык мигранттардын көбү алардын жашоосу бир топ кыйын болуп калганын айтышууда. Чабуулдан 140тан ашык адам набыт болуп, дагы жүздөгөн адамдар жаракат алган. Тергөөчүлөр кол салууга төрт тажик жаранын айыптоодо жана бул айыптоолор Орусияда ксенофобия толкунун жаратты: Тажикстандан эле эмес, башка өлкөлөрдөн келген мигранттар көчөдө кармалып, Орусияга киргизилбей, текшерүүгө, депортацияга кабылышууда.

XS
SM
MD
LG