Мекеменин маалыматына караганда, мындан улам Алматы шаарынын 30 миңге жакын тургунунун өмүрүнө коркунуч жаралган.
Буга байланыштуу жалданма компаниянын жооптуу адамдарына карата "Топ адамдын алдын ала бүтүм боюнча өзгөчө ири өлчөмдө бюджеттик каражатты кымыруусу" беренеси менен кылмыш иши козголуп, тергөө иштери башталды.
Күн мурун Казакстандын Каржы көзөмөлү боюнча агенттиги аталган плотинаны курууда 775 миллион теңгеден ашык каражат уурдалганын, буга жалданма компаниянын директору жана жооптуу кызматкерлери шектелип жатканын билдирген.
ProTenge telegram-каналы 22 миллиард теңге бөлүнгөн Аксай плотинасынын курулушунун сапатына жана мөөнөтүнө байланыштуу "көптөгөн суроолор бар экенин" жазган. Factcheck.kz басылмасынын маалыматына караганда, плотинанын курулушуна каражат 2020-жылы пандемия учурунда тездетилген тартипте өткөрүлгөн сынактын жыйынтыгы менен бөлүнгөн. Плотина 2022-жылдын аягында пайдаланууга берилиши керек болчу, бирок объект бул мөөнөткө даяр болбой, соттук териштирүүлөр башталган.
Маалыматка караганда, аткаминерлер жалданма компания курулуш иштерин бекитилген долбоордон четтеп, өз алдынча аткарганын аныктап чыгышкан. Көп өтпөй компания менен түзүлгөн келишим жокко чыгарылып, буйрутма берген "Казселекзащита" мекемеси сотко кайрылган.
"Аксай" плотинасы Алматынын Наурызбай районун жана Алматы облусунун Карасай районун селден коргоо үчүн курула баштаган.
Ал арада Казакстандын Каржы көзөмөлү боюнча агенттиги мындан тышкары өлкөнүн дагы үч аймагында плотиналар менен суу сактагычтарды курууда жана аларды тейлөөдө өз милдеттерин так аткарбаган жалданма компанияларга карата тергөө иштери жүрүп жатканын билдирди.
Маалыматка караганда, Актөбө облусунда жалданма компаниянын "өз милдеттерине жоопкерчиликтүү мамиле кылбай, оор кесепеттерге алып келгенине" байланыштуу тергөө жүрүүдө. Бул иште 2014-жылы Магажан плотинасын ишенимдүү башкарууга алган компаниянын жетекчилиги айыпталууда. 5-апрелде кардын эришинен улам көп топтолгон суу Магажан плотинасын жарып чыкканы жана жакын жайгашкан айылдардын тургундары шашылыш эвакуацияланганы кабарланган.
29-мартта Актөбө облусундагы Щербаков плотинасында жарака пайда болуп, андан соң суу аны жарып чыккан. Анда да аймактагы тургундар эвакуацияланып, "Шалаакылык" беренеси менен кылмыш иши козголгон.
30-мартта Алматы облусундагы Ворошилов суу сактагычын суу жарып чыгып, 12 миң киши жашаган эки калктуу конушту суу каптоо коркунучу жаралган. Апрелдин башында бул факты боюнча "Шалаакылык" беренеси менен кылмыш иши ачылган.
Мындан тышкары Улытау облусунда Жезды дарыясынын жээктерин бекемдөө боюнча мамлекет менен 485,5 миллион теңгеге келишим түзгөн жеке компаниянын кызмат адамдарына карата тергөө иштери башталган.