Ссылки доступа

Казакстанда активист Жыланбаев "экстремизмди каржылоого тиешеси бар адамдардын" тизмесине кошулду


Казакстанда былтыр жети жылга соттолгон активист жана супермарафончу Марат Жыланбаевдин ысымы "экстремизмди жана терроризмди каржылоого тиешеси бар адамдардын" тизмесине кошулду.

Бул тууралуу "Азаттыктын" казак кызматы өлкөнүн Каржы көзөмөлү боюнча агенттигинин сайтына жарыяланган тиешелүү тизмеге шилтеме кылып кабарлады.

Маалыматка караганда, Жыланбаевдин аты-жөнү тизмеге 8-апрелде киргизилген.

Активисттин адвокаты Мейржан Доскараев анын бул тизмеге кошулганын мыйзамсыз деп эсептей турганын билдирди.

"Бул мыйзамсыз. Муну жөнгө сала турган мыйзамдар Конституцияга туура келбейт деп эсептейм. Анткени адам акча таап, кандайдыр бир операцияларды жүргүзүп жашаш керек. Жеке идентификациялык номуру чектелген жаран эмне кылышы керек? Ага караганда чет өлкөлүк жарандардын укуктары көп болуп калууда", – деди Доскараев.

Казакстандагы "экстремизмди жана терроризмди каржылоого тиешеси бар адамдардын тизмесинде" 1,5 миңден ашык кишинин аты-жөнү бар. Бул тизмеге экстремисттик беренелер боюнча соттолгон жарандар киргизилип, банк, камсыздандыруу жана нотариалдык кызматтардан пайдалануу укуктарынан ажыратылат.

Былтыр декабрдын соңунда эл аралык уюмдар, анын ичинде Amnesty International жана Human Rights Watch укук коргоо уюмдары Казакстандын бийлигин Марат Жыланбаевди эркиндикке чыгарууга чакырышкан. "Активист жана белгилүү ультрамарафончу саясий позициясы жана коомдук ишмердүүлүгү үчүн гана жети жылга соттолду. Ал тез арада эркиндикке чыгарылышы керек", – деп жазылган Amnesty International'дын билдирүүсүндө.

60 жаштагы белгилүү марафончу Марат Жыланбаев 2023-жылы май айында кармалып, ноябрдын аягында Астанадагы соттун чечими менен жети жылга эркинен ажыратылган. Акыркы жылдары саясатка кызыгып, митингдерге чыгып, "Алга, Казакстан!" аттуу оппозициялык партияны каттоодон өткөрүүгө аракет кылып жүргөн Жыланбаевге "Экстремисттик ишмердүүлүктү каржылоо" жана "Тыюу салынган уюмдун ишмердүүлүгүнө катышуу" беренелери менен айып тагылган. Ал бозгунда жүргөн оппозициячы Мухтар Аблязов түзгөн "Казакстандын демократиялык тандоосу" уюмунун ишмердүүлүгүнө катышкан деп күнөөлөнгөн.

19-январда Астана шаардык соту биринчи инстанциядагы соттун өкүмүн күчүндө калтырган. Активист өзү жана анын тарапташтары тагылган айыптарды четке кагууда. Казакстандык укук коргоочулар Жыланбаевди өздөрү түзгөн "саясий туткундардын" тизмесине киргизишкен.

XS
SM
MD
LG