Ссылки доступа

Өзбекстанга коммерциялык максатта киргендердин көбүн түркмөндөр түзүүдө


Быйыл январь-февраль айларында Өзбекстанга ишкердик максатында барган чет элдиктердин арасында Түркмөнстандын жарандары биринчи орунду ээледи.

Мамлекеттик статистика комитетинин маалыматы боюнча, алгачкы эки айда Түркмөнстандан Өзбекстанга соода максатында барган жарандардын саны 12 миңден ашуун адамды түздү.

Андан кийинки орунда Тажикстан (2 миң 937 адам) жана Ооганстан (582 адам) турат.

Өзбекстандын Мамлекеттик статистика комитети 2024-жылдын алгачкы эки айында өлкөгө коммерциялык максатта жалпы 16,9 миң адам келгенин, бул 2023-жылдын ушул мезгилиндеги көрсөткүчкө салыштырмалуу 3,1 эсеге көп экенин билдирди.

Январь-февраль айларында Өзбекстанга коммерциялык максаттарда Кытайдан 260, Түркиядан 243, Индиядан 167, Түштүк Кореядан 133, Кыргызстандан 101, Ирандан 65, АКШдан 61 жана башка өлкөлөрдөн 384 адам барган.

XS
SM
MD
LG