Орусиялык басылмалардын маалыматына караганда, кырсык Самара облусундагы Урал-Муханово унаа жолунун 26-чакырымында болгон.
66 жүргүнчүсү менен Чымкент-Нижний Новгород каттамы боюнча бара жаткан автобус жолдон чыгып кетип, оодарылып кеткен. Маалым болгондой, автобустагы жүргүнчүлөрдүн басымдуу бөлүгүн Өзбекстандын жарандары түзгөн.
Самара облусунун саламаттык сактоо башкармалыгы кырсыктан жабыркаган 22 адам орто деңгээлдеги жаракат менен ооруканага жаткырылып, төртөөнө амбулатордук жардам көрсөтүлгөнүн билдирди.
Өзбекстандын Орусиядагы элчилигинин маалыматына караганда, жабырлануучуларга керектүү жардамдарды көрсөтүү үчүн окуя болгон жерге элчи Ботиржон Асадов жана Өзбекстандын Казан шаарындагы Башкы консулдугунун кызматкерлери барышкан.
"Элчиликтин кызматкерлери бул маселе боюнча Самара облусунун тиешелүү уюмдары менен тыгыз кызматташып, кырдаал өзгөчө көзөмөлгө алынды", — деп айтылат элчиликтин билдирүүсүндө.
Окуяга байланыштуу Орусияда "Коопсуздук талаптарына жооп бербеген кызмат көрсөтүү" беренеси боюнча кылмыш иши козголду.