Ссылки доступа

Тажик активистинин иниси Польшадан күч менен чыгарылышы мүмкүн


Шабнам Худойдодова жана иниси Комрон Худойдодов.
Шабнам Худойдодова жана иниси Комрон Худойдодов.

Польшанын бийлиги тажикстандык саясий активист Шабнам Худойдодованын бир тууганы, Тажикстандын жараны Комрон Худойдодов 19-апрелге чейин өлкөдөн чыгып кетиши керектигин, болбосо күч менен чыгарыларын билдирди.

Шабнамдын айтымында, соттун тиешелүү чечими быйыл 19-марта кабыл алынган. Буга Комрон Худойдодовдун качкын макамын берүү өтүнүчү канааттандырылбаганы себеп болгон. Азырынча бул чечимди жокко чыгаруу аракеттеринен майнап чыга элек.

Комрон Худойдодов тажик бийлигинин басымынан улам 2018-жылы Польшага кетип, ошондон бери дүкөндө иштеп жүргөн. Польшанын бийлиги ал саясий ишмердүүлүк менен алектенбегенин жана Тажикстанда анын өмүрүнө эч кандай коркунуч жок экенин белгилөөдө. Бирок Шабнам Худойдодова анын саясий активдүүлүгүнөн улам иниси жабыркап калышы мүмкүн экенин билдирүүдө.

"Менин ишмердүүлүгүмөн улам иним жабыркап калышы мүмкүн. Ооба, ал саясатчы эмес, бирок мен саясатка баргам. Тажикстандын президенти жөнүндөгү пикирлердин баарын мен гана жазгам. Ага менин үй-бүлөм күнөөлүү эмес", – деди Худойдодова "Озоди" радиосуна берген маегинде.

Ал инисинин ишине кийлигишип, анын Тажикстанга экстрадицияланышына жол бербөө өтүнүчү менен Польшанын Тышкы иштер министрлигине кат менен кайрылганын кошумчалады.

"Катта инимдин өмүрүн коркунучка кептебей, аны куткарып калууну өтүндүм. Эгер ал депортацияланса жашоосу бузулат. 2015-жылы мен да Польшадан качкын макамын сураганымда Беларуска жөнөтүп, ал жерден мени камакка алышкан. Анда мен тогуз ай камакта жатып, ден соолугумду жоготком. Бүгүнкү күнгө чейин польша чек арачыларынын катасынан жабыркап келем. Бул катанын азыр кайталанышына жол бербөө керек", – деди ал.

Шабнам Худойдодова – Тажикстандын аймагында тыюу салынган "Группа 24" кыймылынын мурдагы активисти. Мекенинде ал экстремизмге айыпталууда. Шабнам 2016-жылы Тажикстандын өтүнүчү жана Интерполдун ордери менен Беларуста кармалып, БУУнун жардамы менен бир нече айдан кийин бошотулган. Ал Польшага барып, ал жерден качкын макамын алган. Тажикстандын Улуттук банкы Шабнам Худойдодованын ысымын терроризмге тиешеси бар адамдардын кара тизмесине киргизген.

XS
SM
MD
LG