Ссылки доступа

Литвада тажик активисти Сулаймон Давлатов камакка алынды


Сулаймон Давлатов. "Фейсбуктан" алынган сүрөт
Сулаймон Давлатов. "Фейсбуктан" алынган сүрөт

7-апрелде Литванын баш калаасы Вильнюс шаарындагы сот бозгунда жүргөн тажикстандык саясий активист Сулаймон Давлатовду эки айга камакка алуу чечимин чыгарды.

Давлатов учурда Мыйзамсыз жүргөн мигранттарды кармоо борборунда кармалууда. Анын адвокаты Игнотас Унгайла соттун бул чечими боюнча даттанышарын билдирди.

"Давлатовдун ишинен кылмыштын белгилерин көргөн жокмун", – деген адвокат "Литванын улуттук коопсуздугуна коркунуч бар болгондуктан", ишке жашыруун грифи коюлганын кошумчалады.

Социалдык түйүндөрдөгү баракчаларында ислам темасында талкууларды жүргүзүп, тажик бийлигин кескин сындап жүргөн Сулаймон Давлатов Литвада 5-апрелде кармалган.

Давлатовдун камакка алынышы боюнча расмий түшүндүрмө бериле элек.

8-апрелде оппозициялык дагы бир тажик активисти Шарофиддин Гадоев "Озоди" радиосуна Давлатов менен болгон сүйлөшүүсүнүн видеосун жөнөткөн. Анда Давлатов литва атайын кызматынын кызматташуу сунушунан баш тарткандан кийин кармалганын айткан.

"Бир нече ай мурда мага бир киши телефон чалып, "Биз менен иштейсиңби?" деп сураган. Мен баш тарткам. Ал 5-апрелде кайра чалды. Мен дүкөн, наабайкана, ресторан иштетеримди, убактым жок экенин айттым. Анын "Качан жолуга алабыз?" деген суроосуна Орозо айы бүткөндөн кийин дегем. Бирок жума намаздан чыгып ресторанга келгенимде мени беткапчан эки киши кармап кетти", – деген Давлатов.

Гадоев Давлатовду бошотууга аракет кылып, эл аралык уюмдарга жардам сурап кайрылганын белгиледи.

Азырынча адвокаты менен жакындары Сулаймон Давлатовдун эмне себептен камалганын билишпейт. Сот аны камакка алуу чечимин жабык жыйында кабыл алып, ага тагылган айыптар ачык айтылган жок.

40 жаштагы Сулаймон Давлатов буга чейин Тажикстанда тыюу салынган "Группа 24" кыймылы менен "Тажикстандын конструктивдүү күчтөрүнүн конгрессине" мүчө болгон. Акыркы тогуз жылдан бери Вильнюс шаарында жашап келген. Тааныштарынын айтымында, Литвада анын рестораны, дүкөнү жана наабайканасы бар. Үй-бүлөлүү, үч баланын атасы.

XS
SM
MD
LG