Документте үй камагына алынган же эркиндиги чектелген шектүү адамдарга электрондук билериктерди тагуу сунушталууда. Билериктер Өзбекстан ИИМине караштуу Коомдук коопсуздук маселелери боюнча илимий изилдөөлөр борбору тарабынан иштелип чыккан. Алар буга чейин өлкөнүн бардык аймактарында ийгиликтүү сыноодон өткөрүлгөн.
Документте долбоорду иштеп чыгууда Түштүк Корея жана Түркия мамлекеттеринин пробация кызматтарынын алдыңкы тажрыйбалары изилденип чыкканы белгиленген. Долбоор 11-апрелге чейин талкууда болот.
Кыргызстанда президент Садыр Жапаров кылмышка шектүү адамга электрондук билерик тагуу сунушталган "Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" мыйзамга быйыл февралда кол койгон.
Министрлер кабинети сунуштаган мыйзам долбоорун Жогорку Кеңеш 2023-жылдын 27-декабрында кабыл алган. Документти талкуулоо учурунда юстиция министри Аяз Баетов шектүүнүн кайсы жерде жүргөнүн, баскан-турганын көзөмөлдөп туруу үчүн бөгөт чарасынын жаңы түрү киргизилет деп түшүндүргөн. Мындай билерик тагылган адамдын кайда жүргөнү аныкталып, кайсы бир аймактарга баруусун чектейт.