Ссылки доступа

Өзбекстанда диний ишмер 15 суткага камалды


Социалдык тармактарда "Солихон домла" деген каймана ысым менен таанылган мурдагы имам Солихон Ортикхожаев 15 суткага камакка алынды. Бул тууралуу Ташкент шаардык сотунун маалыматына таянып Kun.uz басылмасы жазды.

Маалыматка караганда, Ортикхожаев Өзбекстандын Административдик жоопкерчилик жөнүндөгү кодексинин "Майда бейбаштык" жана "Ички иштер органынын кызматкеринин мыйзамдуу талаптарын аткарбоо" беренелери боюнча айыпталууда.

30-мартта Солихон Ортикхожаевдин үйүндө кылмышка шектүү жаранды издөө жүргөндө, ал күч түзүмдөрүнө "туура эмес мамиле жасаганы" кабарланууда.

"Ал өтүп бара жаткан жарандардын тынчтыгын бузуп, "Мен террорист эмесмин, мен саясатка каршы эмесмин, кылмышкер эмесмин" деп катуу кыйкырып, кызматкерлерге телефонун берүүдөн баш тарткан", - деп жазышты жергиликтүү маалымат каражаттары.

Буга чейин социалдык тармактардагы кескин билдирүүлөрү үчүн Өзбекстандын мусулмандар башкармалыгы Солихон Ортикхожаевге бир нече жолу эскертүү берип, 2022-жылдын январь айында Ташкент облусунун Зангиата районундагы Фатх мечитинин имамынын орун басары кызматынан бошоткон.

XS
SM
MD
LG