Мекеменин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, окуя 27-март күнү болгон.
Маркумдун жакындары анын өлүмүнө күйөөсүн айыптап, ал аялын буга чейин да сабап жүргөнүн билдирүүдө. Алардын айтымында, жубайлар баш кошкон тогуз жылдын үч жылында гана чогуу жашашкан.
Каза болгон келинге үч жолу коргоо ордери берилип, бирок зордукчуга карата эч кандай чара көрүлгөн эмес. Окуя катталган 27-март күнү да аялдын денесинде көгала тактар аныкталган.
Маркумдун артында эки жана алты жаштагы эки баласы калды.
Келиндин батиринен уюлдук телефон алынып, соттук-медициналык экспертиза дайындалды.
Учурда райондук прокуратура бул боюнча тергөөгө чейинки териштирүү иштерин жүргүзүүдө.