Ссылки доступа

Далержон Мирзоевдин атасы: "Уулум жакында Тажикстанга келүүгө убада берген"


“Крокус Сити Холлго” кол салууга шектелген Далержон Мирзоевдин атасы анын уулдарынын бири террорчулукка шектелип мурдатан издөөдө жүргөнүн билдирди. Равшанжон Мирзоев 2016-жылы Сирияга согушканы кеткенден кийин дайынсыз жоголгон.

22-мартта” Крокус Сити Холлдогу” кол салууга шектелип кармалган Далержон Мирзоевдин жакындары теракттан эки күн мурун ал жакын арада Тажикстанга кайтып келүүгө убада бергенин айтышууда.

Душанбенин четиндеги Рудаки районунун тургуну, 32 жаштагы Далержон Мирзоев Москва облусунун Красногорск шаарында 143 адам набыт болуп, ондогон адамдар жараат алган терактка шектелген негизги төрт адамдын бири болуп калды. Орусиянын укук коргоо органдары Мирзоев Брянск облусунда Орусиянын аймагынан качып кетүүгө аракет кылган маалда кармалганын билдиришүүдө.

Далержондун атасы Баротали Мирзоев 28-мартта "Озоди" радиосуна курган маегинде уулу Орусияга 2023-жылы октябрда кетип, ал жакта таксист болуп иштегенин айтты.

Атасынын билдиришиче, Далержон апасы менен акыркы жолу 20-мартта телефон аркылуу сүйлөшкөн.

"Ал 20-мартта апасына телефон чалып, иш начар экенин, 24-мартта үйгө келерин айткан. Анын жүрүм-турумунан шектүү эч нерсе байкаган эмеспиз", - дейт атасы.

Далержон Мирзоев төрт баланын атасы, алардын экөө эгиз.

Тажикстан бийлиги Далержон Мирзоевдин апасын, атасын, агасын, жубайын жана кайненесин суракка алып кетишкен. 27-мартта анын ата-энеси ден соолугуна байланыштуу бошотулган, калгандары камакта. Тажик бийлиги бул окуяларга эч кандай комментарий бербейт.

Баротали Мирзоевдин айтымында, алар “тажикстандык тергөөчүлөрдүн суроолоруна жооп беришкен”. Буга чейин Reuters агенттиги Орусиядан келген тергөөчүлөр Тажикстанда экенин жана шектүүлөрдүн жакындарын суракка алып жатышканын кабарлаган.

"Озоди" радиосу Далержондун бир тууганы Равшанжон Мирзоевдин аты-жөнүн Тажикстанда издөөдө жүргөндөрдүн тизмесинен тапты. Өз булактардын айтымында, анын төрт жыл мурун Сирия менен Ирактын аймактарында өлгөнү кабарланган.

Коңшулары Далержонду динге өтө берилбеген карапайым адам катары билишет. Равшанжон “ИМ” террордук тобуна кошулуп кеткенден кийин Мирзоевдердин үй-бүлөсү укук коргоо органдарынын көзөмөлүндө болгон.

Куралдуу калаба үчүн жоопкерчиликти "Ислам мамлекети" террордук уюму алды.

22-марттын кечинде Москванын четиндеги Красногорск шаарындагы “Крокус Сити” борборуна куралчан кишилер кирип барып, концерт көргөнү келген элге туш келди от аткан. Көп өтпөй концерттик залда жарылуу болуп, өрт тутанган.

"Крокус Ситидеги" окуядан кийин каза болгондор 143кө жетти. Орусиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги бул кол салуудан кийин дайынсыз болуп жаткан кыргызстандык эки кыз - Эдита Жусупова менен Маиза Гүлжигит кызынын аты-жөнүн каза тапкандардын болжолдуу тизмесине кошту.

XS
SM
MD
LG