"22-мартта Москва облусунда болгон терактка байланыштуу Орусиянын бардык аймактарында коопсуздук чаралары күчөтүлдү. Орусияга бара жаткан, бул өлкөнүн аймагында жүргөн же чыгып кетип жаткан мекендештерди аталган коопсуздук чараларын эс алууга чакырабыз", – деп жазылган мекеменин билдирүүсүндө.
Агенттик өзбек жарандарына дайыма жанында өздүгүн аныктай турган документтерди, бул өлкөдө иштөөгө же жашоого укук берген кагаздарды алып жүрүүнү, ошондой эле себепсиз коомдук жайларга барбоону, бейтааныш же шектүү адамдар менен сүйлөшпөөнү, телефондо тыюу салынган сүрөттөрдү, видеолорду жана башка материалдарды сактабоону сунуштады.
"Мындан тышкары мекендештерге автобекеттерге же аэропортторго пландалган убакыттан эрте баруу сунушталат. Кандайдыр бир маселе жаралып же башка кызыктырган суроолор болсо, Өзбекстандын консулдук мекемелерине же агенттиктин өкүлчүлүктөрүнө кайрылуу сунушталат", – деп жазылган билдирүүдө.
22-мартта Москванын чет жакасындагы "Крокус Сити" борборунда концертке барган көрүүчүлөргө кол салуу болгон. Андан кийин борбордон өрт чыккан. Кол салуудан 139 киши каза таап, 190дой киши жараат алган.
Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматы элди аткылоого шек саналган 11 киши кармалганын, алардын төртөө "террордук актыны ишке ашырууга түздөн-түз катышканын" маалымдаган. Төртөө тең Тажикстандын жараны экени аныкталып, эки айга камакка алынган. Эртеси дагы үч тажик жараны камалган. 26-мартта Орусиянын Тергөө комитети "Крокус Сити Холл" борборундагы кол салууга байланышы бар деген негизде сегизинчи шектүүнү да камоону өтүнүп, Москванын Басман райондук соту теги кыргызстандык орус жараны Алишер Касимовду эки айга камакка алды.