Ссылки доступа

Өзбекстанда Сириядагы согушка катышкан жигит алты жылга соттолду


Быйыл февралдын аягында Сириядагы террористтердин катарында согушуп жүргөндө оор жаракат алган өзбек жигит кармалып, Өзбекстанга жеткирилген. УзА агенттиги билдиргендей, ал мекенинде алты жылга эркинен ажыратылды.

Жизактын 24 жаштагы тургуну былтыр июнь айында Сирияга кетип, ал жактан террордук уюмга кошулган.

Ал Сириядагы "Таухид ва жиход катибаси" террордук уюмунун мүчөсү менен социалдык түйүндөр аркылуу баарлашкандан кийин ал жакка барууну чечкен.

Сирияда өзбек жараны "Жамаат Таухид ва Жихад" террордук уюмунун катарында идеологиялык жана аскердик даярдыктан өтүп, өкмөттүк күчтөр менен аскердик кагылышуу учурунда оор жаракат алган.

Былтыр декабрда ал дарылануу үчүн Сириядан коңшу мамлекетке өтүп бараткан учурда кармалып, Өзбекстанга экстрадицияланган.

Өзбекстанда жаш жигитке кылмыш иши козголуп, ал террористтик уюмдарга кошулганы үчүн алты жылга эркинен ажыратылды.

XS
SM
MD
LG