18-мартта Фергана облусунун ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери ыкчам иш-чара өткөрүшкөн. Иликтөө иштеринин жүрүшүндө белгилүү болгондой, Алты-Арык районунда жашаган 63 жаштагы жаран өз үйүнүн аймагында жайгашкан 2 сотых жердеги күнөсканада жалпысынан 1805 түп апийим өстүрүп жүргөн.
Мындан тышкары, шектүүнүн үйүнөн 6 килограмм кургатылган апийимдин сабагы табылган.
Учурда бул боюнча иликтөө иштери жүрүп жатат.