Жолугушууда эки тарап "Кытай - Кыргызстан - Өзбекстан" темир жол долбоорун ишке ашыруу боюнча кызматташуунун жол-жобосун талкуулашты. Алар долбоордун техникалык-экономикалык негиздемесин иштеп чыгууну тездетип, тиешелүү макулдашууга кол коюуга даяр экенин айтышты.
Аталган компаниянын жетекчилери баштаган делегация 17-мартта Жалал-Абад шаарында "Кыргыз темир жолу" ишканасынын өкүлдөрү менен жолуккан.
Алар "Кытай - Кыргызстан - Өзбекстан" темир жол долбоору боюнча мурда иштелип чыккан техникалык-экономикалык негиздемеге кошумча маалыматтарды жеринде такташты. Андан ары Бишкекте жана Нарын облусунда да жолугушуулар өткөрүлөрү маалымдалды.
Марттын башында Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров жетектеген делегация Кашкар шаарына барып, Кытай менен Өзбекстандын жогорку бийлик өкүлдөрүнө жолугушуп келген.
Президент Садыр Жапаров декабрда өткөн Элдик курултайда темир жолдун курулушу 2024-жылы башталарын айткан. Андан мурдараак өкмөт башчы Акылбек Жапаров Кытай Казарманга чейинки бөлүктү өз алдынча куруп жатканын, Кыргызстан Казармандан Жалал-Абадга чейинки жол үчүн Өзбекстан менен бирге каржы булактарын аныктап жатканын билдирген.
Өкмөт Кытай - Кыргызстан - Өзбекстан темир жол магистралы курулса, транзиттик алымдардан эле бюджетке миллиарддаган доллар киреше түшөрүн айтып келет.
Кытай - Кыргызстан - Өзбекстан темир жол магистралын куруу чындыгында ондогон жылдардан бери создугуп келет. 2022-жылы сентябрда Өзбекстандын Самарканд шаарында өткөн Шанхай кызматташтык уюмунун саммити алкагында "Кытай - Кыргызстан - Өзбекстан" темир жол долбоору боюнча кызматташуу меморандумуна кол коюлган.
Транспорт жана жолдор министрлигинин маалыматында айтылгандай, жол тилкеси Кыргызстандын аймагында Торугарт - Кош-Дөбө - Казарман - Жалал-Абад багыты аркылуу өтүүгө тийиш.