Ссылки доступа

Казакстан ИИМи Самат Абиш пробациялык көзөмөлдө экенин ырастады


Казакстандын ички иштер министри Ержан Саденов экс-президент Нурсултан Назарбаевдин иниси, өлкөнүн Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасынын мурдагы орун басары Самат Абишге карата чыккан сот өкүмү боюнча түшүндүрмө берди.

"Өкүм боюнча суроолорду сотко берсеңер болот. Биз өз ыйгарым укугубуздун чегиндеги нерселерди айта алабыз. Ооба, Самат Абиш азыр пробациялык көзөмөлдө. Тартипке ылайык ал өлкөдөн чыкпашы керек, катталган аймакта жашоого тийиш", – деди министр журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып.

20-мартта Астана шаардык сотунун басма сөз кызматы Самат Абишке өкүм чыкканын ырастап, "сотто ал күнөөсүн толугу менен мойнуна алганын" билдирди. "Сот анын жаш балдары бар экенин жана кылганына чындап өкүнүп жатканын эске алып, жазасын кыскартты. Өкүм менен ал 10 жыл белгилүү бир кызматтарды ээлөө укугунан да ажыратылды", – деп жазылган соттун билдирүүсүндө.

19-мартта "Коомдук позиция" (DAT долбоору) басылмасы өз булактарына таянып, Самат Абиш жабык өткөн сот отурумунда сегиз жылга шарттуу кесилгенин кабарлаган. "Абишке карата өкүм 26-февралда чыккан. Шарттуу мөөнөттөн тышкары анын генералдык наамы жана мамлекеттик сыйлыктары алынган. Бирок мүлкү конфискацияланган эмес", — деп жазган басылма.

Быйыл январда Самат Абиштин иши боюнча тергөө аяктаганы кабарланган. Маалыматка караганда, сот кылмыш ишинде мамлекеттик сыр бар экенине байланыштуу жабык өткөн.

Самат Абиш Казакстандын туңгуч президенти Нурсултан Назарбаевдин иниси, маркум Сатыбалды Назарбаевдин уулу. Ал Январь окуяларынан кийин Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасынын биринчи орун басары кызматынан бошотулган. 2022-жылы июнда Башкы прокуратура Абиш тергөөнүн назарында экенин билдирген. Ошол эле жылы июлдун аягында ал "Карим Масимовдун жана башка айыпталуучулардын" иши боюнча "күбө катары" сурак бергени айтылган.

2023-жылы сентябрда Самат Абиш "Кызмат абалынан кыянат пайдалануу" беренеси боюнча шектелип жатканы кабарланган.

XS
SM
MD
LG