Өзбек-ооган чек арасында талибдерге таандык аскердик тик учак атып түшүрүлгөнү тууралуу алгач орусиялык саясат таануучу Андрей Серенко өзүнүн Telegram-каналына жазган.
"Мага жеткен маалыматтарга ылайык, тик учак Мазари-Шарифтен Ооганстандын Бадахшан аймагына учкан. Азырынча анын кантип Өзбекстандын аба мейкиндигине кирип калганы белгисиз. Тик учакта 15тен ашык киши болгон", – деп жазган саясат таануучу.
Кийинчерээк Серенко аны менен талибдердин өкүлү байланышка чыгып, Өзбекстандын чек арасында тик учак атып түшүрүлгөнү тууралуу маалымат жалган экенин айтканын жазды.
Ал арада Өзбекстандын Коргоо министрлиги журналисттер менен социалдык түйүн колдонуучуларын бул сыяктуу жаңылыктарды жайылтууда "расмий маалыматтарга гана таянууга" чакырды.