Ссылки доступа

Казакстан кумар оюндарынан өзүн-өзү чектөө кызматын санариптештирди


Казакстанда кумар оюндарына көз каранды жарандар үчүн өзүн кумар оюндарынан жана кумарга акча саюудан өз алдынча чектөө боюнча санарип кызмат ишке киргизилди. Бул тууралуу өлкөнүн Туризм жана спорт министрлиги билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, казакстандыктар жана өлкө аймагында жашап жаткан чет өлкөлүктөр тиешелүү арызды жеке санарип кол тамгаларын колдонуу менен eGov мобилдик тиркемеси аркылуу жөнөтө алышат. Арыз дароо каттоого алынып, анын ээси "кумар оюндарын ойноого жана кумарга акча саюуга чектөө киргизилген адамдардын" тизмесине кошулат. Бул чектөөнүн мөөнөтү жарым жылдан бир жылга чейин болот. Арыз жөнөтүлгөндөн кийин аны кайра кайтарып алуу мүмкүн эмес, мөөнөтүн гана узартууга болот.

Министрликтен белгилешкендей, буга чейин кумар оюндарынан өзүн чектөө тууралуу арызды кагаз жүзүндө гана берүү мүмкүн болуп, бул 8 иш күнүнө чейин убакытты талап кылчу.

"Кумар оюндарын ойноого жана кумарга акча саюуга чектөө киргизилген адамдардын" тизмеси жашыруун. Ал "Туризм жана спорт министрлигинин авторизациядан өткөн кызмат адамдары, ошондой эле оюн бизнесинин лицензиясы бар уюштуруучулары үчүн гана жеткиликтүү болот".

Өткөн жылы ноябрда казак өкмөтү өлкөдө кумар оюндарына көз карандуулук "массалык мүнөзгө ээ боло баштаганын" билдирген. Бийликтин маалыматы боюнча, өлкөдөгү ажырашуулардын 40% кумар оюндарына көз карандуулук себеп болуп, бул көрсөткүч боюнча ал алкоголизм жана маңзатка көз карандуулуктан кийинки үчүнчү орунга чыккан.

XS
SM
MD
LG