Ссылки доступа

Самаркандда жаш баланын кордогон адамга кылмыш иши козголду


Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Өзбекстандын «Эзгулик» укук коргоо коомунун жетекчиси Абдурахмон Ташанов Самаркандда балага ырайымсыз мамиле жасалган жагдай тууралуу айтып чыкты.

Ал автоунаанын ичинде буту чынжыр менен байланган баланын видеосун жарыялады. Баланын көзү көгөрүп, манжаларынын ортосу да айрылып кеткен. Видео 16-мартта тартылган.

"Ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери ырайымсыз мамиле жасаган адам мурдагы тартип сакчысы экенин билгенде, бул зомбулук эмес деген протоколго кол коюшкан. Мурдагы укук коргоо кызматкери кордогон бала учурда Самарканд шаардык ички иштер башкармалыгында, анын кандай тагдырга туш болгону белгисиз. Ал эми баланы кыйнаган адам үйдө тынч отурат", — деп жазды укук коргоочу.

Өзбекстандын Башкы прокуратурасы "күч колдонуу менен мыйзамсыз эркинен ажыратуу" беренеси боюнча кылмыш иши козголгонун кабарлады.

XS
SM
MD
LG