Бул Ким Чен Ындын акыркы 11 күн ичинде, башкача айтканда, АКШ менен Түштүк Кореянын биргелешкен аскердик машыгуулары башталгандан берки үчүнчү машыгуусу. Ага артиллерия, танк аскерлери, бронетранспортерлор жана авиация катышууда.
Түндүк Корея адатта Түштүк Кореянын армиясы жана анын союздаштарынын машыгуулары жөнүндө терс өңүттө сүйлөп, алар Пхеньянга кол салууга даярданып жатат деп эсептейт. Түштүк Корея болсо жалаң коргонуу максатын гана көздөрүн билдирип келет.
Түндүк Кореянын лидери катышкан машыгуулардын мурунку эки айлампасына артиллерия жана жөө аскерлер катышкан.
Түндүк Корея басылмалары Ким Чен Ын аскердик иш-чара учурунда танкчыларды "моралдык маанайды көтөрүүгө" жана "согушка даярданууга" чакырганын жазышты. Буга чейин Түндүк Кореянын Коргоо министрлиги Түштүк Кореяны АКШ менен биргелешип өткөргөн машыгууларына жооп катары аскерий чаралар менен коркуткан.
Ким Чен Ын жана Түндүк Кореянын өкмөтү Түштүк Корея менен согушуу мүмкүндүгү тууралуу үзгүлтүксүз билдирүүлөрдү таркатып келет. Акыркы жолу Ким өткөн жылдын аягында согушка даярдык көрүүгө чакырган. Ал Түштүк Корея менен кайра биригүү мүмкүн эместигин белгилеген.