Ссылки доступа

Казакстан Сенатынын төрагасы "Үй-бүлө башчысы тууралуу" мыйзам кабыл алуу зарыл эмес деп эсептейт


Казакстан парламентинин Сенатынын төрагасы Маулен Ашимбаев эркектин үй-бүлөдөгү ролун күчөтө турган өзүнчө мыйзам иштеп чыгуу тууралуу мажилис депутаттарынын сунушу боюнча пикирин билдирди.

"Эркектерди коргой турган мыйзам керек деп ойлобойм. Жалпысынан жарандарыбызды, аялдарыбызды жана эркектерибизди коргогон тиешелүү нормалар бар. Биз азыр түрдүү кылмыштуу аракеттерге байланышкан жоопкерчиликти күчөтүп жатабыз. Ошондуктан үй-бүлөлүк зомбулукка каршы Сенатта талкууланып жаткан мыйзам кабыл алынгандан кийин абалды дагы карайбыз. Зарылчылык болсо тиешелүү чечимди кабыл алабыз", – деди Ашимбаев.

Парламентте аялдардын укуктарын жана балдардын коопсуздугун камсыз кылуу маселесине арналган өзгөртүүлөр талкууланып жатканда депутат Ермурат Бапи "эркектердин ролун көтөрүү үчүн" үй-бүлө башчысы тууралуу мыйзам кабыл алуу зарыл экенин билдирген. Анын бул сунушу кесиптештеринин арасында колдоо тапкан.

Эксперттер казак коомун жогорку патриархалдык коомдорго кошуп келишет. Укук коргоочулардын айтымында, Казакстанда аялдар турмуш-тиричилик деңгээлинде эркек-өнөктөштөрүнүн же туугандарынын психологиялык да, физикалык да зомбулугуна кабылышат.

Бүткүл дүйнөлүк экономикалык форумдун 2023-жылы июнда жарыяланган гендердик теңчилик тууралуу баяндамасында Казакстан 146 өлкөнүн ичинен 62-орунга жайгашкан.

XS
SM
MD
LG