Ссылки доступа

Казакстанда активист Тимур Данебаев түрмөдө кол салууга кабылганы кабарланды


Казакстанда камактагы жарандык активист Тимур Данебаевдин жакындары ал түрмөдө кол салууга кабылганын билдиришти.

Активисттин бир тууганы Марат Данебаевдин айтымында, окуя 2-мартта болгон. Бул маалда активист шарттуу түрдө мөөнөтүнөн мурда эркиндикке чыгаруу өтүнүчү менен кайрылуу укугуна ээ болгон.

"Жаңжал чыгарып, Тимурга кол салган камералашы ага чейин камерадагы башка адам менен да он чакты жолу жаңжалдашып, аны муунткан. Бирок күзөттөгүлөр буга эч кандай реакция кылышкан эмес. Качан ал Тимурга кол салганда дароо келип, ага начар мүнөздөмө жазуу үчүн жаңжалды каттап кетишкен", – деп жазды Марат Данебаев "Фейсбуктагы" баракчасына.

Ал бул кол салуунун артында түрмөнүн ыкчам бөлүмүнүн башчысы турганын, ага чейин ал камактагы башка кишилер аркылуу Тимурга "коркутуу сөздөрүн айттырганын" кошумчалады.

Qaharman Kz бейөкмөт уюму Марат Данебаевге шилтеме кылып, жакындары түрмөдө Тимурга каршы дагы жаңы чагымчылдыктар болушу мүмкүн деп тынчсызданып жатышканын билдирди.

"Азаттыктын" казак кызматынын журналисттери бул боюнча активист кармалып турган Астанадагы тергөө абагынын башчысынан комментарий ала алышкан эмес. Мекемеден расмий түрдө кат менен кайрылууну сунушташкан.

38 жаштагы Тимур Данебаев Январь окуясынан кийин "20 миң террорист тууралуу жалган маалымат таратты деп" президент Токаевге каршы арыз жазууга аракет кылган. Былтыр июнда сот "Улут аралык кастыкты козутту" деп айыпталган активистти үч жылга эркинен ажыраткан. 1-августта Астана соту бул өкүмдү күчүндө калтырган. Ошол эле айда казак бийлиги Тимур Данебаевди "терроризм менен экстремизмди каржылоого тиешеси бар адамдар менен уюмдардын" тизмесине кошкон.

Жергиликтүү укук коргоочулар Тимур Данебаевди "саясий туткундардын" тизмесине кошкон. Казакстандын бийлиги өлкөдө саясий негиздер менен камалгандар жок экенин билдирип келет.

XS
SM
MD
LG