«Биринчиден, редакция бардык этикалык нормаларды сактап, үй-бүлөдөгү зордук-зомбулук жана чагымчылдыкты көмүскө колдоого жол бербей, каарманды эл алдында кемсинтпеши керек эле. Түз эфирде болгон окуя телеканалдын редакторлору үчүн чоң сабак болушу керек. Бул ток-шоу жабылат», - деди министр.
11-мартта эфирге чыккан ток-шоу учурунда үй-бүлөлүк зомбулуктан жапа чеккен аял 18 жылдан кийин алты баласын алып, күйөөсүн таштап кеткенин айткан. Анын бети атайын маска менен жабылган. Телеканалдын өкүлдөрү каарманга күйөөсү эфирге чакырылбайт деп ишендиришкен. Бирок жолдошу студияга чыгып, аялды беткабын чечүүгө мажбурлап, ага гүл тапшырмак болгон. Аял күйөөсүнөн кордук көргөнүн айтып, ыйлап, гүлдү алуудан баш тарткан. Алып баруучулар аялды “балдары үчүн” гүлдү алууга, жарашууга үндөгөн.
Бул чыгарылыштан кийин социалдык тармактарда күйөөсүнөн таяк деген аялга көмөктөшүүнүн ордуна кайта жараштырууга тырышуу – үй-бүлөдөгү зордук-зомбулукка көз жумуу катары эсептелип, сын-пикирлерди жаратты. Айрымдар телеканал аялды эл ал алдында кордоду деп жазышты.
Телеканалдын жетекчилиги ток-шоунун бул чыгарылышы үчүн кечирим сурады.
Соңку убакта Казакстандагы активисттер, укук коргоочулар үй-бүлөдөгү зордук-зомбулук маселесин тез-тез козгой башташты. Алар бийликтен үй-бүлөлүк өкүм-зордукка каршы мыйзамды күчөтүүнү талап кылып келишет. Учурда Казакстанда үй-бүлөлүк зомбулук үчүн жазаны катаалдаштыруу боюнча мыйзам долбоору каралууда.