Ссылки доступа

Казакстанда микрокредиттик уюмдун 2 миллиондон ашык кардарынын маалыматы ачыкка чыгып кетти (видео)


В Казахстане утекли в сеть персональные данные 2 млн пользователей. Что им грозит и к чему готовиться?
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:02:57 0:00

Казакстандын Санариптик өнүктүрүү министрлиги эки миллиондон ашык казакстандыктын жеке маалыматтары ачыкка чыгып кеткенин билдирди.

Бул негизинен zaimer.kz микрокаржы уюмунун кардарларына тиешелүү. Бирок тизмеде бул компаниянын кызматын эч качан колдонбогондор да бар.

Астаналык коомдук ишмер Кирилл Павлов дээрлик үч жыл мурун "Займер" компаниясынан насыя алганын айтты. Күн мурун ага Санариптик өнүктүрүү министрлигинен анын жеке маалыматтары "zaimer.kz кардарларынын ачыкка чыккан маалымат базасында бар" деген билдирүү түшкөн.

Мекеме маалыматтар кандайча ачыкка чыкканын жана ага кимдер эгедер болгонун айткан жок. Бирок Кирилл азыр кимдир-бирөө ага билгизбей, анын атынан насыя алышы мүмкүн деп кооптонууда.

"Каржы уюму бул маалыматтарды эч ким колдоно албайт жана башка бирөөнүн атынан насыя ала албайт деп ырастоодо. Бирок биз документтер жасаларын көрүп жүрөбүз", - деди Павлов.

Санариптик өнүктүрүү министрлиги азырынча жабырлануучуларга Маалыматтык коопсуздук комитетине арыз менен кайрылууну гана сунуштады.

Казакстандын Улуттук банкынын акыркы маалыматы боюнча, өлкөдө 229 микрокаржы уюму бар. Бул компаниялар кардардын кредиттик тарыхын эске албай, насыяларды тез беришет. Март айынын башына карата бардык микрофинансылык уюмдардын жалпы насыя портфели 27 миллион доллардан ашкан.

XS
SM
MD
LG