Ссылки доступа

Депутат Атазов башкы прокурор Зулушевди сындады


Жогорку Кеңештин депутаты Шайлообек Атазов парламентте атайын билдирүү жасап, анын мандатын алууга башкы прокурор Курманкул Зулушев кызыкдар болгон деп айыптады.

Атазов мурдагы бажычы Райымбек Матраимов менен байланышы, парламенттин бедели, ага карата каралоо жөнүндө дагы билдирүү жасап, президентке кайрылды.

"Ушул мандатты эки жылдан бери артыман кууп жүрүп Башкы прокурор максатына жетти. Матраимовго байланышы бар деп жатасыңар. Урматтуу кыргыз элим Матраимов менен байланышы жок кайсы саясатчы бар? Кыргыз спортун көтөрүү үчүн Матраимовго чейин дагы өтө көп адамдар менен байланышкам. Мына башкы прокурор Зулушев сиз өзүңүз кан досу болуп, уча тартып, туулган күнүңүздө "Раим досум келгиче жебей тургула" дебедиңиз беле. Үч жылдан бери башкы прокурор болуп отурасыз, ал киши чоң кылмышкер болсо, көрбөй калдыңызбы? Кечээ муфтиятты ачып жатканда кармап албайт белеңиз", - деди Атазов.

Ал парламент төрагасы Нурланбек Шакиевге кайрылып, парламент депутаттарын коргоого чакырды. Атазов бийликтин чек ара, казино, Баш мыйзамды өзгөртүү сыяктуу бардык чечимдерин колдоп келгенин белгилеп, президент Садыр Жапаровго, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин башчысы Камчыбек Ташиевге туура эмес маалымат жетип жатканын билдирди. Казино мыйзамын колдогону үчүн элден кечирим сурады.

Атазовдун билдирүүсүнө Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев жооп берип, депутаттардын маселесин чечүүгө дайыма аракет кылып келгенин жана эл өкүлдөрүнө козголгон кылмыш иштер мыйзам чегинде экенин айтты.

Бишкектин административдик соту 1-мартта Бишкектин №29 Свердлов районундагы кайра шайлоонун жыйынтыгы менен парламентке келген Шайлообек Атазовдун мандатын жокко чыгарган. Сот чечимине ылайык, депутаттык мандат Абдурахманхажи Муртазалиевге берилет. Шайлообек Атазов сот токтому “мамлекеттик түзүлүшкө, сот системасына доо кетиргенин” айткан. Ал Түркияда дарыланып жатканын жана өлкөгө кайтып келерин билдирген.

Январь айында Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Райымбек Матраимовго издөө жарыялап, милиция кызматкерлерине ал тууралуу багыттама берген. Ага Кылмыш-жаза кодексинин “Эркиндигинен мыйзамсыз ажыратуу” беренесинин “Уюшкан топ жана кылмыштуу уюмдар тарабынан адамды күч менен кармоо, анын жүрүү эркиндигин чектөө” бөлүгү менен айып коюлган.

15-февралда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиевге жакын экени айтылып жүргөн Region телеканалында Искендер Матраимов, Надира Нарматова, Айбек Осмонов, Шайлообек Атазов жана Нурлан Ражабалиев мандатын тапшырышы керек деген өңүттөгү бир нече материал чыккан. Анда алар Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары, издөөдө жүргөн Райымбек Матраимовго байланышы бар экени жүйө келтирилген.

22-февралда Искендер Матраимов менен Нурлан Ражабалиев мандатын тапшырып, Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) өздөрү жазган арыздын негизинде алардын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтоткон.

XS
SM
MD
LG