Ссылки доступа

Тажикстанда жоголгон кыздын сөөгү Өзбекстандын аймагында табылды


Тажикстанда февралдын башында дайынсыз жоголгон тогуз жаштагы кыздын сөөгү Өзбекстандын аймагында табылды. Бул тууралуу "Озоди" радиосу Тажикстандын Өзгөчө кырдаалдар комитетине шилтеме кылып кабарлады.

Хожент шаарында жашаган Сафияхон Рахматова 7-февралда жоголгон. Кыз Сырдарыяга агып кетиши мүмкүн деп болжолдонуп, аны издөө иштерине куткаруучулар, суучулдар жана жергиликтүү тургундар тартылган.

Кыздын чоң апасы Муяссархон Рахматованын айтымында, небересинин сөөгү Сырдарыянын Өзбекстандын аймагындагы бөлүгүндө табылган.

"Өзбекстанга атасы кетти. Ал көлмөгө тыгылып калган кызын кийиминен тааныган. Сөөгүн эртең алып келиши керек", – деди Рахматова.

Тажикстандын Өзгөчө кырдаалдар комитети кызды издөөгө көмөктөшүү өтүнүчү менен Өзбекстандагы кесиптештерине 10 күн мурда кайрылган.

2023-жылы Тажикстанда 55 киши, анын ичинде 19 бала Сырдарыяга агып каза болгон. Бүгүнкү күнгө карата алардын төртөөнүн сөөгү табыла элек.

XS
SM
MD
LG