Маалыматка караганда, каза болгондордун сөөгү 8-март күнү эртең менен Кыргызстандын АКШдагы элчилиги менен кыргыз диаспорасынын биргелешкен ишинин аркасында мекенине алып келинди.
4-мартта Пенсильвания штатынын Филадельфия шаарында жол кырсыгынын кесепетинен 22 жана 21 жаштагы эки кырсызстандык каза болгон.
Кыргызстандын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги быйыл февралга карата АКШда 36 миң кыргызстандык жашап, иштеп жатканын билдирген.
Чикагодогу "Кыргыз биримдиги" клубунун башчысы Умар Жусупбеков болсо АКШдагы кыргызстандыктардын саны акыркы эки жылда көбөйгөнүн, Америкада жүргөн кыргызстандыктардын саны 60 миңден ашуун, бейрасмий - 100 миңден көп экенин айткан.