Ссылки доступа

БУУнун баяндамачысы Душанбени жарандык коомго болгон мамилесин өзгөртүүгө чакырды


БУУнун укук коргоочулардын абалы боюнча атайын баяндамачысы Мэри Лолор Тажикстан бийлигин жарандык коомго болгон мамилесин кайра карап чыгууга жана активисттерди душман эмес, өнөктөш кылууга кайрадан чакырды.

Былтыр ноябрь айында тажик бийлиги бир жарым жылда 700 коомдук уюмдун ишмердүүлүгү токтотулганын билдирген.

«Адам укуктарын коргогон коомдук уюмдардын жоюлушу – Тажикстанда жарандык коомдун абалы жана адам укуктарынын корголушу боюнча кырдаал начарлап баратканынын далили», - деди Мэри Лолор.

Тажикстан БУУнун атайын баяндамачысынын чакырыгына азырынча жооп бере элек, бирок буга чейин өлкө бийлиги коомдук уюмдар мыйзамдарды сактабагандыктан жоюлганын билдирген.

Мэри Лолордун айтымында, азчылыктардын укуктарын, дин эркиндигин, сөз эркиндигин жана ачык шайлоону коргоонун сакчылыгында турган коомдук уюмдардын кызматкерлери кемсинтүүгө, коркутуп-үркүтүүгө кабылышууда.

Ал 20 жылдык тажырыйбасы бар уюмдарды жоюу менен жарандардын билим алуу укугун коргоо, кыйноолордун курмандыктарын коргоо, үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу, жерге жана турак-жайга жетүүнү камсыз кылуу, майыптарга жардам берүү сыяктуу тармактар оор абалда калганын белгиледи.

Тажикстандын бийлиги акыркы мезгилде адам укуктары сакталбайт деп БУУнун, Батыштын жана эл аралык уюмдардын сынына кабылып келатат.

XS
SM
MD
LG