Түрттүрүлүп жаткан имараттар тууралуу жазган блогерлер менен журналисттер кысымга алынганы айтылууда.
"Азыр Бухарада болуп жаткан окуялар болуп көрбөгөндөй кылмыш жана бул кыйратуулар Өзбекстандын тарыхындагы эң караңгы күндөрдүн бири катары тарыхта калат", - деди “Озодликке” атын атабоону суранган өзбек блогери.
Журналист Мухрим Агзамходжаев: "Бухаранын борборундагы ондогон имараттарды бузуп, ордуна жасалма тарыхый шаар курууну каалагандар Бухаранын эле эмес, Өзбекстандын да душманы",- деп жазды.
26-февралда "Бокий Бухоро" ("Түбөлүктүү Бухара") этнографиялык туристтик борборун куруу үчүн бир катар мамлекеттик объектилер бузула баштаган.
Туристтик борбор куруу максатында Бухара бийлиги бир катар тарыхый имараттарды, анын ичинде мындан эки жыл мурда оңдоп-түзөөдөн өткөн спорт комплексин, 1980-жылдардын экинчи жарымында тургузулган Бухара облустук акимчилигинин имаратын, адистештирилген сүрөт окуу жайын түрттүрүүгө киришти.
Жергиликтүү маалымат каражаттары билдиргендей, Бухарадагы сүрөт окуу жайынын мугалимдери жана студенттери мурдагы Бухара пахта комбинатынын эски жатаканасына көчүрүлдү.
"Бокий Бухоро" ("Түбөлүктүү Бухара") шаарчасы 32,6 гектар аянтты ээлейт, курулуш үчүн 470 миллион доллар жумшалат. Долбоорду 2024-2026-жылдары ишке ашыруу пландалууда.