Бул тууралуу анын жактоочусу Айнара Айдарханова “Азаттыктын” казак кызматына билдирди.
Анын айтымында, Айгерим соттолгон аялдардын чагымына кабылган. 24-февралда түрмөдөгү аялдар ага жалган жалаа жаап, ур-токмокко кабылганы тууралуу мекеменин жетекчисине арыз жазышкан.
"Соттолгондордун арызы боюнча мекемеге тергөөчү келген. Бул окуя каттоого алынды. Мен мыйзам бузууну көргөн жокмун. Мунун баары Айгеримдин абалын начарлатуу үчүн жасалып жатат", - деди адвокат.
Айгерим Тлеужанова жазасын Алматы облусундагы № 10 колонияда өтөп жатат.
Былтыр 11-июлда Алматы соту Айгерим Тлеужанованы Январь окуясы учурунда аэропортто "жапырт баш аламандык уюштурууга" күнөөлүү деп таап, төрт жылга эркинен ажыраткан. Аны менен кошо мурдагы мектеп мугалими, жарандык активдүүлүгү менен таанымал Калас Нурпейисов жана дагы үч алматылык (Нурлан Далибаев, Эрмухамет Шилибаев, Жан-Айдар Карменов) сегиз жылга соттолгон. Аларга "жапырт баш аламандык уюштуруу", "имараттарга кол салуу", "автоунаа уурдоо" жана "каракчылык" беренелери боюнча айыптар тагылган. Сотто бешөө тең тагылган айыптарды четке кагышкан.
Былтыр 10-ноябрда Алматы шаардык соту өкүмдү күчүндө калтырган. Адвокаттар жогорку инстанцияга даттанарын билдиришкен.