Накта канча адам кармалганы белгисиз. Жергиликтүү тургундар 70тей киши кармалганын айтышууда. Шаардык сот 71 кишинин иши каралып жатканын кабарлады.
Тургундар жөнөткөн видеолорго караганда, сот имаратындагы бир топ адам кечээ кармалып, Актау шаарына жеткирилгендерди бошотууну талап кылышууда. Бул арада активист Жадыра Досекееванын кармалганы кабарланууда.
Ага чейин жергиликтүү тургун Эсберди Арсалы он чакты адам күч менен кармалганын, айрымдарына айып пул салынганын билдирген.
"Мен жаңы эле бир таанышым менен сүйлөштүм. Ал полиция бөлүмүнөн жаңы эле чыккан экен. Ага 110 миң теңге айып салынган, ал жумушсуз болгондуктан айыптын өлчөмү 30 пайызга төмөндөтүлүп, 77 миң теңге төлөп берүүгө милдеттендирилген. Ачкачылык жарыялаган 15 жигитти Актауга алып кетишүүдө. 30 жигитке айып пул салынды", - деди Эсберди Арсалы.
Жаңы-Өзөн шаарынын акимчилиги полиция ачкачылык жарыялаган адамдарды кармаганын ырастап, бирок күч колдонулганы тууралуу түшүндүрмө берген жок.