Ссылки доступа

Чымкентте акимдин мурдагы орун басары соттолууда


5-мартта Чымкенттин райондор аралык сотунда шаар акиминин мурдагы орун басары Максут Исаховдун коррупциялык иши боюнча соттук отурум башталды. 2023-жылы июлда Улуттук коопсуздук комитети Исаховду "пара берди" деген шек менен кармаган.

Прокурордун айыптоо кортундусуна ылайык, 2020-жылдын май айында Чымкентте магистралдык түйүндөрдү реконструкциялоого 685 миллион теңгеге тендер жарыяланган. Тендерде утулган компания сынактын жыйынтыгы менен макул болбой, сотко кайрылган. Компаниянын доо арызы канааттандырылган.

“Бул ишти жабуу үчүн Исахов Казакстандын Улуттук коопсуздук комитетинин Чымкент шаары боюнча департаментинин башысынын орун басары Манат Сарбасковго 200 миң доллар көлөмүндө пара сунуштаган”, — деп айтылат айыптоо кортундусунда.

Исаков өзүнө тагылган айыпты четке кагып, мыйзамсыз камалганын, пара сунуштабаганын, тергөө учурунда моралдык-психологиялык басымга кабылганын белгиледи. Жактоочу тарап иш бурмаланганын айтууда.

Исахов 2020-жылы февраль айында Казакстандын түштүгүндөгү республикалык маанидеги Чымкент шаарынын акиминин орун басары болуп дайындалган. Ага чейин эки жылдай президенттик аппаратта мамлекеттик инспектор болуп иштеген.

XS
SM
MD
LG