Маалыматка караганда, окуя 2023-жылы 4-5-август күндөрү Италиянын Фехтование федерациясы (FIS) уюштурган машыгуулардын жүрүшүндө Кьянчано-Терме шаарында болгон.
Radiotelevisione Italiana кабарлагандай, жабырлануучу кыз тергөөчүлөргө андан бир күн мурда спортчулар үчүн кече уюштурулганын, анда "бир нерсе" ичип, эртеси үч бала жаткан бөлмөдө ойгонгонун айтып берген.
"Ал бөлмөгө кантип барып калганы кыздын эсинде болгон эмес. Анын денесинде көгөргөн жерлери болгон. Бул жөнүндө угары менен кыздын апасы келип, аны ооруканага алып барып, сексуалдык зомбулук боюнча полицияга кайрылган", – деп жазылган билдирүүдө.
Шектүүлөр айыптоолорду четке кагып, күнөөлөрү жок экенин билдирүүдө. Алардын бири 18 жашка чыга элек болгондуктан, анын ишин Жашы жете электердин иши боюнча прокуратура тергеп жатат.
5-мартта Өзбекстандын Фехтование федерациясы спортчу кыздын зордукталганы тууралуу маалыматты четке кагып, 2023-жылы августтун башында курама команданын мүчөлөрү Италияда машыкпаганын, Кытайдагы Дүйнөлүк универсиадага катышканын билдирди.
"Бул өзбекстандык спортчулар дүйнөлүк рейтингде алдыңкы орундарга жетип жаткан учурда Италиянын Фехтование федерациясынын жетекчилиги атайын даярдаган жалган маалымат. Мындай ушак таратуу – саясий жана спорттук оюндарда күчтүү атаандаштарына каршы багытталган кеңири жайылган ыкмалардын бири болуп эсептелет", – деп жазылган билдирүүдө.