Ссылки доступа

Казакстанда камактагы журналист Думан Мухаммедкарим кыйноо иши боюнча жабырлануучу деп табылды


Казакстанда "экстремизмди каржылоого" жана "тыюу салынган уюмдун ишине катышууга" айыпталып жаткан журналист Думан Мухаммедкарим кыйноо иши боюнча жабырлануучу деп табылды. Бул тууралуу анын адвокаты Галым Нурпеисов билдирди.

Адвокаттын айтымында, атайын прокурор Мухаммедкаримди кыйноо фактысы боюнча жабырлануучу деп табуу тууралуу токтом чыгарды. Кылмыш иши "Катаал мамиле жасоо, кыйноого алуу" беренеси менен козголду.

"5-мартта алгачкы сурак болду. Кылмыш иши тергөө маалында Мухаммедкаримге психологиялык басым кылууга жана аны сотко муздак автоунаада жеткирүүгө байланыштуу. Болжол менен 4-5 эпизод бир ишке бириктирилген", – деди адвокат.

Думан Мухаммедкарим өткөн жумада Конаев шаарындагы соттон Талдыкоргондогу тергөө абагына бараткан жолдо катаал мамилеге кабылганын билдирген. Адвокаттын айтымында, 12-февралдагы сот отурумуна Мухамметкаримди жылууланбаган жана жылытылбаган автозакта жеткиришкен. "Ал сотто мунун баарын айтып, кайра башка унаа менен алып кетүүнү өтүнгөн. Бирок соттон кийин аны кайра эле ошол автозакка отургузуп, колун отургучка байлап, люгун ачкан бойдон Талдыкоргонго жеткиришкен. Биринчиден суук болгон, экинчиден шамал уруп турган. Мындай катаал мамиле кыйноо катары каралышы керек", – деген адвокат.

Мухаммедкарим мындай катаал мамилеге жана соттун жабык өтүп жатканына нааразылык катары мык менен өзүнүн колуна жаракат келтирген.

Өткөн жылдын июнь айынан бери камакта отурган журналист, жарандык активист жана Ne Deydi YouTube-каналынын автору Думан Мухамметкаримдин иши боюнча сот процесси 12-февралда башталып, отурумдар жабык өтүүдө. Ага "Тыюу салынган уюмдун ишине аралашуу" жана "Экстремизмди каржылоо" беренелери боюнча айып тагылган. Буга журналисттин бозгундагы банкир Мухтар Аблязовдон алган маеги себеп болгон. Адвокаттын айтымында, видеодо Аблязовдун адвокаты үчүн акча топтолуп жаткан эсептер көрсөтүлгөн.

Мухаммедкарим айыптоолорду четке кагып, тергөөнүн жана соттун жүрүшүндө укуктары бузулганын билдирип келет. Эгер журналист бул беренелер боюнча күнөөлүү деп табылса тогуз жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.

XS
SM
MD
LG