Бирок 80-жылдары Иле Алатау этегинде дача тилкелери, 90-жылдардан тарта коттедждер, клуб үйлөрү жана таунхаустар пайда боло баштаган. Ошол эле учурда курулуштар мыйзам бузуулар менен жүргүзүлүп жатат: ушундан улам тоо боорунда жарлар пайда болуп, аймактын бардык тургундарына коркунуч туудурууда.
Иле Алатау аймагында топурак борпоң, жер көчкү коркунучу жогору.
Тоо этектериндеги курулуштардын кооптуулугу соңку трагедиядан кийин кайрадан талкууга алынды. Февраль айынын башында Алматыда суу кууру жарылып, анын кесепетинен борпоң топурак ылдыйды көздөй жылып, үйлөрдүн бирин каптап калган. Ал кезде үйдө төрт адам болгон. Алардын баары мерт болгон.
Сауле Абилованын беш жыл мурун отурукташкан үйү жардын үстүндө жайгашкан. Эңкейиште дагы үй салынып жаткан, бирок курулуш мыйзамсыз деп табылып, токтоп калган.
Былтыртан бери Сауле жаңы коркунучка кабылды: үйүнүн жогору жагына жаңы турак-жай комплекси түштү. Аялдын дубалынан жараңка кетти. Сауле менен анын кошуналары эртеби-кечпи топурак мындай салмакка туруштук бере албай калат деп кооптонушууда.
«Бул менин жалгыз турак-жайым. Азыр биздин үйлөрдүн баасы абдан арзандап кетти. Эл коопсуздук үчүн бул жакка келгиси келбейт. Менин болсо барар жерим жок», -дейт Сауле.
Алматы бийлиги тоо этектериндеги курулуштар көзөмөлсүз жүрүп жатканын моюнга алууда. Аким Эрболат Досаев билдиргендей, уруксат кагаздары автоматтык түрдө берилип, үйлөрдү коммуникациялык түйүндөргө кошуу суроолорду жаратууда. Мындан тышкары жеке турак-жай курулушу үчүн берилген жерлерге көп батирлүү турак жай комплекстери салынып кетүүдө. Аким мындан ары буга жол берилбеши керектигин айтты.
Алматынын жаңы Башкы планынын алкагында тоо этектериндеги бардык аймактар рекреациялык типке өткөн. Бул мындай жерлерде курулушка тыюу салынат дегенди билдирет.