Ссылки доступа

Согд прокуратурасы эки кыздын өлүмүнө байланыштуу ишти кайра тергөөгө кайтарды (видео)


Дело о самоубийстве двух девушек в Согде возвращено на доследование
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:04:01 0:00

Тажикстандын Согд облустук прокуратурасы Пенжикентте эки кыздын өз жанын кыйганы боюнча ишти кайрадан тергөөгө жөнөттү.

Окуя 2023-жылдын сентябрь айында болуп, коомчулукта чоң резонанс жараткан. Кыздар эмне себептен мындай кадамга барганы азырынча белгисиз.

Тажикстандын Ички иштер министрлиги окуядан бир нече күн өткөндөн кийин кыздардын денесинде зордук-зомбулуктан белгилери болбогонун, бирок көпүрөдөн секирүү алдында бири-биринин колун байлашканын билдирген. Согд облусунун прокурору Фуркат Хожазода февралда бул иш боюнча тергөө аяктагандан кийин гана окуянын чоо-жайы ачыктала турганын айткан.

«Облустук прокуратуранын алгачкы чечими жокко чыгарылды. Кылмыш иши кошумча кароого жөнөтүлүп, учурда тергөө иштери жүрүп жатат», - деген ал.

17 жаштагы эки кыздын сөөгү былтыр сентябрдын аягында соттук-медициналык экспертизадан кийин жерге берилген.

Кыздардын сууга секирген учуру видеокөзөмөл камераларына түшүп калган. Жергиликтүү бийлик окуянын себептери тууралуу эч кандай маалымат берген эмес, кыздардын жакындары да үн каткан жок.

Эки кыз тең Пенжикент педагогикалык коллежинин студенти болгон.

Тажикстанда жыл сайын жүздөгөн адамдар, негизинен аялдар жана кыздар өз жанын кыйышат. Психологдор бул көрүнүштүн себептерин социалдык көйгөйлөр, үй-бүлөдөгү чыр-чатактар, басмырлоо жана репутациялык көйгөйлөр деп аташат.

XS
SM
MD
LG