Ал 1-мартта "Х" (мурдагы Twitter) социалдык түйүнүнө Венадан келгенден бери кармалып турган изолятордон бошотулганын, арызы каралганга чейин Польшанын аймагынан чыкпоого милдеттендирилгенин жазды.
Буга чейин укук коргоочулар Төрөмуратов Варшава аэропортунун изоляторунда кармалып турганын жана Өзбекстанга экстрадицияланышы мүмкүн экенин билдиришкен. Активистке мекенинде "конституциялык түзүлүшкө кол салуу" айыбы менен издөө жарыяланган.
Өткөн жумада Freedom for Eurasia ("Евразия үчүн эркиндик") уюмунун башчысы Лейла Назгүл Сейитбек Төрөмуратов Варшава аэропортунда басымга кабылганын билдирген.
"Укук коргоочулар кийлигишкенге чейин ага Өзбекстандын жарандары үчүн качкын макамы болбой турганын айтып, басым жасап, польша тилиндеги кандайдыр бир документтерге кол коюуга мажбурлашкан. Катуу сүйлөп, орой мамиле кылышкан", – деген Сейитбек.
48 жаштагы Кошкарбай Төрөмуратов Өзбекстандын жараны. Акыркы жылдары Казакстанда жашап жүргөн. 2023-жылы күзүндө Варшавада өтө турган ЕККУнун конференциясына катышуу үчүн барып, ошол бойдон Европада калып калган. Көп өтпөй Ташкенттин өтүнүчү менен кармалган. Өзбекстанда ага "Конституциялык түзүлүшкө кол салуу" беренеси менен кылмыш иши козголуп, издөө жарыяланган.
Укук коргоочу Лейла Назгүл Сейитбектин айтымында, Төрөмуратов ЕККУнун конференциясында Өзбекстанда каракалпактар басмырлоого кабылып жатканы жөнүндө айткандан кийин өзбек дипломаттары тарабынан ага коркутуулар болгон. Мындан улам ал Австрияга барып, башкалка сураган.
Бирок Вена анын өтүнүчүн канааттандыруудан баш тартып, 6-ноябрда аны Польшага чыгаруу тууралуу чечим кабыл алган.
Freedom for Eurasia уюмунун маалыматына караганда, Төрөмуратов алгач Зальцбургдагы качкындарды кармоо жайында кармалып, быйыл 26-февралда депортациялык борборго которулган. Өткөн жумада ал Дублин макулдашуусуна ылайык Польшага чыгарылган.