Ссылки доступа

Каракалпак активисти Кошкарбай Төрөмуратов Венадан Варшавага жөнөтүлдү


Казакстандагы каракалпак диаспорасынын активисттери Кошкарбай Төрөмуратов (оңдо) менен Акылбек Муратов
Казакстандагы каракалпак диаспорасынын активисттери Кошкарбай Төрөмуратов (оңдо) менен Акылбек Муратов

Казакстандагы каракалпак диаспорасынын активисти Кошкарбай Төрөмуратов Австрия полициясы аны Дублин макулдашуусуна ылайык Венадан Варшавага уча турган учакка салып жибергенин "Х" социалдык түйүнүнө жазды.

Азырынча активист менен байланышууга мүмкүн боло элек. Башкы кеңсеси Вена шаарында жайгашкан Freedom for Eurasia ("Евразия үчүн эркиндик") уюмунун башчысы Лейла Назгүл Сейитбек Төрөмуратов Варшава аэропортунун изоляторунда кармалып турганын ырастады.

"Башкалка сурап арыз тапшырды. Укук коргоочулар кийлигишкенге чейин ага Өзбекстандын жарандары үчүн качкын макамы болбой турганын айтып, басым жасап, польша тилиндеги кандайдыр бир документтерге кол коюуга мажбурлашкан. Катуу сүйлөп, орой мамиле кылышкан", – деди Сейитбек.

Дагы бир каракалпакстандык активист Наурызбай Менлибаев Польшанын өкмөтү Төрөмуратовго 30 күндүн ичинде өлкөдөн чыгып кетиши керектигин эскерткенин билдирди.

48 жаштагы Кошкарбай Төрөмуратов Өзбекстандын жараны. Акыркы жылдары Казакстанда жашап жүргөн. 2023-жылы күзүндө Варшавада өтө турган ЕККУнун конференциясына катышуу үчүн барып, ошол бойдон Европада калып калган. Көп өтпөй Ташкенттин өтүнүчү менен кармалган. Өзбекстанда ага "Конституциялык түзүлүшкө кол салуу" беренеси менен кылмыш иши козголуп, издөө жарыяланган.

Укук коргоочу Лейла Назгүл Сейитбектин айтымында, Төрөмуратов ЕККУнун конференциясында Өзбекстанда каракалпактар басмырлоого кабылып жатканы жөнүндө айткандан кийин өзбек дипломаттары тарабынан ага коркутуулар болгон. Мындан улам ал Австрияга барып, башкалка сураган.

Бирок Вена ага башкалка берүүдөн баш тартып, 6-ноябрда аны Польшага жөнөтүү тууралуу чечим кабыл алган.

Freedom for Eurasia уюмунун маалыматына караганда, Төрөмуратов алгач Зальцбургдагы качкындарды кармоо жайында кармалып, быйыл 26-февралда депортациялык борборго которулган. Которуу маалында анын телефонун алып коюшкан. Учурда аны менен эч кандай байланыш жок.

XS
SM
MD
LG